АКШ, Түркиянын 15-июлда болгон коркунучтуу окуялардын кылмышкерлерин сот алдына чыгаруусун колдойт

АКШнын Көз карандысыздыгынын 241 жылдыгынан улам Аданада рецепсия берилди.

770618
АКШ, Түркиянын 15-июлда болгон коркунучтуу окуялардын кылмышкерлерин сот алдына чыгаруусун колдойт

Америка Кошмо Штаттарынын Анкарадагы элчиси Жон Басс, Түркиянын 15-июлда болгон коркунучтуу окуялардын кылмышкерлерин сот алдына чыгаруусуна карай аракеттерин колдоосун улантканын айтты.

АКШнын Көз карандысыздыгынын 241 жылдыгынан улам Аданада рецепсия берилди.

АКШнын Түркиядагы элчиси Жон Басс, бул жердеги сөзүндө Түркия менен АКШнын карым-катнаштары абдан жакшы экендигин айтып, «Америкалык жана түрк фирмаларынын өнөктөштүктөрү аркылуу бирге иштешкен убакта ар дайым дагы күчтүү болгонубузду көрсөтүүдө»,-деп айтты.

Рецепсияда Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) 15-июлдагы төңкөрүш аракетине токтолгон Басс, бул окуяда каза тапкандар үчүн Түркияга көңүл айтып, АКШнын төңкөрүш аракетинин кылмышкерлерин сот алдына чыгарууга карай аракетин колдоосун уланта турганын айтты.

Басс: «Дээрлик толук бир жыл мурда түрк жарандары чоң чыгымга учурап мыйзамсыз төңкөрүш аракетине каршы демократиябызды коргоду. Быйыл Түркияда зомбулук окуяларынын себебинен өмүрүнөн ажырагандардын жакындарына кайрат айтамын. Кайгыңарды тең бөлүшөмүн...Алдыбыздагы айларда жана жылдарда сиздер менен бирге иштөөнү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз»,-деди.



Тектеш кабарлар