Жикчил террордук уюмдарга карата операциялар

Кол салууга даярданган ПКК террордук уюмдун  8 террористти өлтүрүлдү.

770224
Жикчил террордук уюмдарга карата операциялар

Хаккаринин Даглыжа менен Ирактын түндүгүндөгү Авашин Басян аймагында кол салууга даярданган ПКК террордук уюмдун  8 террористти жүргүзүлгөн операцияда өлтүрүлдү.

Губернаторлуктан берилген маалыматта ПКК террордук уюмга карата операциялардын улантылып жаткандыгы баса белгиленди.

Диярбакырдын Лиже элетине жасалган абадан операцияда ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү 4 террорист өлтүрүлдү. Башкы штабдын төрагалыгынан берилген маалыматка караганда чалгындоо учууларында  Лиже элетинде кыймыл үчүн даярданып жаткан жикчил террордук уюмдун мүчөлөрү аныкталды.

Түнкү сааттарда жүргүзүлгөн аба операциясында террористтреге таандык 2 убактылуу баш калкалоо жери жардырылды. Ошол эле учурда жикчил террордук уюмга карата 5 шаарда жүргүзүлгөн операцияда 44 кылышкер камоого алынды.

Стамбул губернатору Васип Шахин : «Стамбул облусубузда 13 райондо Анкара, Диярбакыр, Хаккари жана Кожаели райондорунда  операциялар жүргүзүлдү. Мунун натыйжасында 44 киши камоого алынды»,- деди.

Камоого алынгандардын арасында Бешикташ стадионунда өткөн жылы болгон жана 44 киши каза болгон кандуу террордук кол салуунун пландоочусу бир качкын террорист да бар.



Тектеш кабарлар