ФЕТӨ/ПЙД иликтөөчүсү Түркияга келет

Роберт Амстердам «Алдамчылык империясы: Гүлен менен келишим түзгөн мектептер желеси» аттуу китебин Стамбулда таанытат.

768780
ФЕТӨ/ПЙД иликтөөчүсү Түркияга келет

Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмдүн дүйнөдө аткарган иштерин билдирген Роберт Амстердам Түркияга келет.

Роберт Амстердам «Алдамчылык империясы: Гүлен менен келишим түзгөн мектептер желеси» аттуу китебин Стамбулда таанытат.

Укук фирмасы Amsterdam & Partnersтин өнөктөшү Амстердам ФЕТӨ/ПДЙ уюмунун АКШдагы  келишим менен түзүлгөн мектептерге кирүүсүн ортого салган кенен иликтөөлөрүнө орун берген биринчи китебин таанытуу үчүн Түркияга келет.

Амстердам 14 -  июлда Чыраган сарайында өткөрүлө турган таанытуу жыйынында сентябрь айында басылышы пландалган китебинин биринчи көчүрмөсүнөн үзүндүлөрдү окуйт жана китептин мазмуну тууралуу маалымат берет. Маалыматта көз караштарына орун берген Амстердам : «ФЕТӨ/ПДЙ уюму жайгашкан 26 провинцияда расмий каттоолорду иликтедик жана буга байланыштуу жыйынтыктар ФЕТӨ/ПДЙнин башчысы Фетуллах Гүлендин АКШдагы кызыкчылыктарынын өзгөчө киреше жана шакирт даярдоого аракет кылып жатышкандарын далилдеп жатат. Берилген билимдин болсо бул иштерди аткаруу үчүн маскадан башка нерсе эмес экендиги көрүнүүдө»,- деди.

 



Тектеш кабарлар