Экономика министрлиги Австрияга каршылык билдирди

Экономика министри Зейбекчи же министрлик тарабынан Австрияда 15 -  июлда кандайдыр бир иш чара өткөрүү талабынын болбогондугу баса белгиленди.

767935
Экономика министрлиги Австрияга каршылык билдирди

Экономика министрлиги Фетуллахчы террордук уюмдун 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын бир жылдыгынан улам Австрияда бир иш чара талабынын болбогондугун билдирди. Минристрлик министр Нихат Зейбекчинин 15 -  июлдагы козголоң кыймылынын бир жылдыгына арналган иш чара үчүн Австрияга киришине тыюу салынды деген билдирүүлөр боюнча маалымат берди.

Экономика министри Зейбекчи же министрлик тарабынан Австрияда 15 -  июлда кандайдыр бир иш чара өткөрүү талабынын болбогондугу баса белгиленген маалыматта : «Бир тараптан экономика министрибиз урматтуу Нихат Зейбекчинин Австрия менен соода жана экономикалык карым – катнаштардын өнүктүрүлүшү максатында Австриянын тышкы иштер жана экономика министрлери менен жакынкы келечекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүүсү тууралуу программабыз жок жана бул тууралуу талап билдирилген эмес. Эки тараптуу сүйлөшүүлөр талап кылына турган болсо  мунун бир маселе жаратары ойго келбейт. Бир тараптан урматтуу минисрибиздин Австрия же дүйнөнүн кандайдыр бир жериндеги жарандарыбыз менен жолугушуусу үчүн бирөөдөн улксат алышы сөз болбойт»,- деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар