Президент Эрдогандын чоң жыйырмалар саммити тууралуу пресс - жыйыны

«Террордук уюмдардын колдоо көрүшүнө үнсүз кала албайбыз»

767178
Президент Эрдогандын чоң жыйырмалар саммити тууралуу пресс - жыйыны

 

Президент Р. Т. Эрдоган террордук уюмдун мүчөлөрүнүн батыш өлкөлөрүн ишенимдүү жер катары көрүшкөндөрүн белгилеп : «Террордук уюмдардын колдоо көрүшүнө үнсүз кала албайбыз»,- деди.

Президент Эрдоган чоң жыйырмалардын лидерлер саммитинен кийин Гамбургда өткөргөн пресс – жыйынында  саммиттин эң маанилүү темаларынын бирөөсүнүн террор менен күрөшүү болгондугун белгиледи.

Эрдоган саммитте глобалдашуудан террор менеен күрөшүүдө террор уюмдарынын алдында принциптиүү жана чечкиндүү болуу керектигин баса белгилешкендерин айтты.  

Президент : «Өлкөбүздө кылмыш кылган, күнөөсүз кишилердин канын агызган кишилердин коргоого алынгандыгын тилекке каршы көрүүдөбүз. Мунун так мисалын өлкөбүздөн качкан ФЕТӨчү террордук уюму тууралуу жашап жатабыз. Батыш өлкөлөрүн өздөрүнө коопсуз жер катары көрүшүүдө»,- деди.

Президент кечээ аймакта таркатылган жана учу бизге кезелген куралдардын эртең дүйнөнүн башка жерлериндеги кыймылдарда колдонулбай тургандыгынын кепилдиги жок экендигине көңүлдөрдү бурду.

Эрдоган Түркиянын сириялык качкындар үчүн жумшалган акчанын 30 миллиард долларга жеткендигин белгилеп, Европа Биримдигинин берген убадасында турбагандыгын айтты.

Келишим түзүлө албаган Кипр сүйлөшүүлөрүнө да токтолгон президент жыйынтыктын чыкпашынан капалангандыгын билдирди.

Түркиянын жана түрк тарабынын аракеттеринин жооп ала албагандыгын белгилеген Эрдоган Түркиянын маселенин чечилишине башка бир параметрлер менен салым кошуу аракеттерин улантарын билдирди.

Президент Эрдоган Катар кризиси тууралуу бул өлкөгө карата жасалган санкциялардын туура эмес экендигин баса белгилеп : «Дүйнөдөгү ар бир өлкө сыяктуу Катардын эгемендигине сый көрсөтүлүш керек»,- деди.

Сентябрь айында Ирак күрт аймактык башкаруусунун элдик добуш берүүгө барышы боюнча берилген бир суроого жооп берген Эрдоган : «Биз үчүн алардын биримдиги, бүтүндүгү абдан маанилүү»,- деди.



Тектеш кабарлар