Президент Эрдоган "Die Zeit" гезитине маалымат берди

Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын ал жердеги түрк жарандары менен сүйлөшүүсүнө  уруксат бербей жанын кыйып жаткандыгын айтты.

765419
Президент Эрдоган "Die Zeit" гезитине маалымат берди

 

Президент Р. Т. Эрдоган Германиянын ал жердеги түрк жарандары менен сүйлөшүүсүнө  уруксат бербей жанын кыйып жаткандыгын айтты.

Президент Эрдоган Германиянын Гамбург шаарында 7 – 8 -  июлда өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммитинен мурда немис Die Zeit гезитине маанилүү маалыматтарды берди.

Чоң жыйырмалар саммитинен кийин Германиядагы түрктөр менен жолугушуусуна оң карабаган Берлин башкаруусуна катуу каршы чыккан Эрдоган : «Германия ал жердеги түрктөр менен сүйлөшүүмө уруксат бербестен жанын кыйып жатат»,- деди.

Немис медиасынын Түркия жана өзүн каралап жаткандыгын айткан президент Эрдоган Фетуллахчы террордук уюмдун колдоочуларын тапшырмайынча Германияны террористтерди колдогон өлкө катары  көрүшөрүн белгиледи.

«Германиянын канцлери Меркель менен маселем жок»,- деген президент Германия жана Түркиянын бири бирине муктаж экендигин айтты.



Тектеш кабарлар