Боздаг : «Түркиянын эскертүүлөрүнө көңүл бургула»
Адилеттик мнистри АКШда ФЕТӨ/ПДЙчилердин АКШда христиан аттарын алышкандарын жана ал жердеги секталарга киришкендерин айтты
763458
Адилеттик министри Бекир Боздаг Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмүнүн башчысын тапшырбаган АКШда ФЕТӨ/ПДЙчилердин АКШда христиан аттарын алышкандарын жана ал жердеги секталарга киришкендерин айтты. Адилеттик министри Бекир Боздаг «Миллийет» гезитинде жарыяланган интервьюсунда ФЕТӨ/ПДЙнин АКШ үчүн да коркунучтуу экендигин айтты. Боздаг : «Түркиянын эскертүүлөрүнө көңүл бургула»,- деди.
Боздаг АКШ башкаруусунун Түркиядан барган документтерди сотко жибербегендигин билдирди. Боздаг батыштын ФЕТӨ/ПДЙге карата көз карашын да билдирип : «Батыш чындыктарды билгенде ФЕТӨ/ПДЙ тууралуу түшүнүгүн өзгөртөт. Биз каалаган жерде эмес, бирок 2013 - жылдагы абалда да эмес»,- деди.