Шырнакта үч аскер шейит болду
Жараланган үч аскер куткарыла албады.
760356
Шырнактын Улудере районунда ПКК террордук уюму аскердик унаага жасаган куралдуу кол салууда үч аскер шейит болду.
Жандармериянын десанттык батталлионуна караштуу Элмалы базасына тамак алып барган аскердик унаага террористтер узун арылкка атуучу куралдар менен кол салды.
Кол салууда оор жараланган үч аскер жаткырылган Шырнак мамлекеттик ооруканасында бардык жардамдарга карабастан шейит болду. Террористтерди кармоо үчүн аймакта операция баштатылды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.