Кургактык күчтөрү командирлдигинин курулушунун 2226 – жылы белгиленүүдө
Армиянын генералы Хулуси Акар куттуктоосунда ыйык мекен үчүн жанын берген шейиттерди жана ардагерлерди сыймыктануу менен эскергендигин айтты.
Башкы штабдын төрагасы армиянын генералы Хулуси Акар түрк кургактык күчтөрүнүн Фетуллахчы террордук уюм жана параллель мамлекеттик түзүмүнүн 15 - июлдагы козголоң кыймылынан кийин күрөшүнө мекенге кызмат кылуу түшүнүгүнөн улам багыт бергендигин баса белгиледи.
Кургактык күчтөрү командирлдигинин курулушунун 2226 – жылы белгиленүүдө. Башкы штабдын төрагасы, армиянын генералы Акар кургактык күчтөр командирлигинин курулушуна арналган куттуктоо жарыялап : «Кургактык күчтөрү аймактык жана глобалдык тынчтыктын, ыраатуулуктун, бейкутчулуктун жана ишенимдин эң негизги элементтеринин бирөөсү болууну улантат»,- деди.
Армиянын генералы Хулуси Акар куттуктоосунда : «Эң башта түбөлүктүү командирибиз Гази Мустафа Кемал Ататүрк жана курал жолдоштору болуу менен ыйык мекен үчүн жанын берген шейиттерибизди жана ардагерлерибизди сыймыктануу менен эскерем»,- деди.