Тышкы иштер министри Японияга барат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 20 – 22 -  июнда Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кишиданын чакыруусу менен Японияга барат.

755435
Тышкы иштер министри Японияга барат

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу 20 – 22 -  июнда Япониянын тышкы иштер министри Фумио Кишиданын чакыруусу менен Японияга барат.

Японияга тышкы иштер министрлиги деңгээлинде 14 жылдан кийин ишке ашырыла турган биринчи зыярат болгон программада Чавушоглунун япон кесиптеши Фумио Кишида экономикалык, соода жана өнөр жай министри Хирошиге Секо жана Япония  -  Түркия парламенттер аралык Достук группасынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү, премьер – министр Шинзо Абе тарабынан кабыл алынышы жана Сасакава тынчтык фонду аттуу ой мекемесинде «Жакынкы Чыгыштагы абалдар жана Түркиянын ролу» деген темада сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Министр Чавушоглунун Япониядагы жолугушууларында эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнашта жана кошумча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү каралат, аймактык жана  эл аралык темаларда пикир алышууларда болот.

 



Тектеш кабарлар