Тунжелиде бир аскер шейит болду
Аймакта террористтерге карата абадан жүргүзүлгөн операция улантылууда.
Тунжелиде коопсуздук күчтөрү менен ПКК террордук уюмдун ортосунда чыккан кагылышууда бир аскер шейит болуп, эки аскер жараланды. Коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда Назмийе районунун элетинде террордук уюмдардын кыймылдарына каршы операция жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү менен беттешкен террористтердин ортосунда катуу кагылышуу чыкты. Чыккан кагылышууда бир аскер шейит болуп, эки аскер жараланды. Аймакта террористтерге карата абадан жүргүзүлгөн операция улантылууда.
Бир тараптан Хаккаринин Чукуржа районунда аныкталган ПКК мүчөсү беш террорист аба кыймылы менен өлтүрүлдү. Чукуржа району Гүвен тоосу аймагында бир группа террористтин орду учкучсуз аба унаасы ИХА менен аныкталды. Ушул боюнча Ф - 16 аскердик учактары менен аймакка абадан операция жүргүзүлдү. Абадан кыймылда жикчил террордук уюмга мүчө террористтер өлтүрүлдү.
Тектеш кабарлар
Мальта желектүү круиздик кеме Мармариске келди
Кемеде көбү британиялык 1800 жүргүнчү жана 1100 кызматкердин бар экени айтылды.