Трабзондун Тоня району алгачкы туристтерин тосуп ала баштады
Тоня «мави йылдыз» башкача айтканда «көгүлтүр жылдыз» гүлдөрү көңүлдөрдү бурууда.
Табигый кооздуктары менен бирге жайлоолору менен да жергиликтүү жана чет элдик туристтердин кызыгуусун тарткан Трабзондун Тоня району тоо жана жайлоо туризминин көрүнүктүү жери болду.
Кадыралак, Эрикбели, Сазалан, Сис тоосу жана Кадырга жайлоолору менен алдыңкы планга чыккан Тоня жаңы сезондо алгачкы туристтерин тосуп ала баштады.
Акыркы жылдарда жергиликтүү туристтер менен Булуң өлкөлөрүнөн келген туристтердин да тандаган жери Тоня «мави йылдыз» башкача айтканда «көгүлтүр жылдыз» гүлдөрүн көрүү жана сүрөтүн тартууну каалаган туристтердин учуроочу жери болду.
Атын дүйнөгө «Тоня сары майы» деген продукциялары менен да угузган район жергиликтүү даамдары менен бирге бузулбаган маданияты менен да көңүлдөрдү бурууда.
Тектеш кабарлар
Түркия ысык аба шарын учуруу боюнча эң алдыда
Жалпы өлкөдө лицензияланган 67 шар оператору, 6 билим берүү, 434 шар жана 682 шар учкучу бар.