АКШнын элчиси Тышкы иштер министрликке чакыртылды

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен, президент Режеп Таййип Эрдогандын жан сакчыларынан айрымдары туурасында кармоо токтому чыгарылганы белгилүү болгону боюнча АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басстын министрликке чакыртылганы маалымдалды.

753918
АКШнын элчиси Тышкы иштер министрликке чакыртылды

Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен, президент Режеп Таййип Эрдогандын жан сакчыларынан айрымдары туурасында кармоо токтому чыгарылганы белгилүү болгону боюнча АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Басстын министрликке чакыртылганы жана чыгарган токтомунун кабыл алынгыс экендиги ага билдирилгени маалымдалды.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында, «Вашингтондогу Элчилигибиздин резиденциясынын алдында 16-майда болгон окуя боюнча АКШнын органдарынын айрым атуулдарыбыз менен урматтуу Президентибиздин жан сакчыларынан айрымдары туурасында кармоо токтому чыгарылганы белгилүү болгону боюнча АКШнын Анкарадагы элчиси урматтуу кеңешчибиз тарабынан Министрликке чакыртылды»,делди.

Жарыяда буларга орун берилди: «АКШнын органдары тарабынан чыгарылган бул чечимдин жаңылыш, бир тарапка тарткан жана укуктук негизи болбогону, Вашингтондогу Элчилигибиздин алдындагы мушташуулардын жергиликтүү коопсуздук органдарынын тийиштүү чараларды көрбөөлөрүнөн келип чыккандыгы, АКШнын ушул сыяктуу жогорку деңгээлдеги сапарларда адаттагыдай эле алдын алуулары бул ирет да ошондой ишке ашырылганда бул маселе болмок эместиги, ошондуктан болгон окуяларга биздин атуулдарыбыз жооп бербей турганы АКШнын элчисине билдирилди.

Жалган митингчилердин террор уюмунун желек жана символдору менен Вашингтондогу Элчилигибиздин жайгашкан жерине бир канча метр жакындоосуна жана карапайым атуулдарыбызга кол салууларына АКШнын органдары тарабынан көз жумулушунун жана айрыкча Элчиликтин канцеляриясынын алдында урматтуу Министрибиздин жан сакчыларына кол салган Американын коопсуздук кызматкерлерине да эч кандай жаза берилбөөсүнүн эң төмөнкү адилеттик түшүнүгүнө да байланышпай тургандыгы АКШнын элчисине билдирилди».

Жарыяда тарапсыз жана көз карандысыз териштирүүнүн жыйынтыгы болбогону ачык көрүнүп турган бул чечимдин, кабыл алынгыс экендиги АКШнын элчисине айтылганы белгиленди.



Тектеш кабарлар