Түркия Катарга аскердик делегациясын жөнөттү

Түркия Катарга 3 кишилик аскердик делегация жөнөттү.

752434
Түркия Катарга аскердик делегациясын жөнөттү

Түркия, Катар кризисинин чечилиши үчүн дипломатиялык аракеттерин улантып жатканда бул өлкөгө 3 кишилик аскердик делегация жөнөттү.

Башкы штаб төрагалыгынын жарыясында Түрк куралдуу күчтөрүнүн элементтеринин Катарга туруктуу жайгаштырылышына мүмкүнчүлүк түзгөн «Түркия Республикасы менен Катар мамлекетинин ортосунда аскердик билим берүү, коргоо өнөр жайы менен Катардын территориясында Түрк куралдуу күчтөрүнүн жайгаштырылышы боюнча кызматтыштык келишиминин" 2015-жылдын 15-июнунда күчүнө киргени эске салынды.

«Катардын жерлерине Түрк армияларынын жайгаштырылышы тууралуу ишке ашыруу келишимине» болсо 2016-жылдын 28-апрелинде кол коюлганы жана 2017-жылдын 7-июнунда Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы кеңешинде ратификацияланганы белгиленген жарыяда жайгаштыруу иштеринин уландысы сыпаты менен 3 кишилик делегациянын Катарга жөнөтүлгөнү маалымдалды.

Анда, «Делегация, жайгаштырууга даярдыктар менен тийиштүү жаңы ачылыштар жана координация иштерин Катарда улантат»,делди.

Бир тараптан Сомали да Бириккен Араб Эмирликтери жана Сауд Арабиянын талаптарын четке кагып, Катар менен дипломатиялык алакаларын үзбөй турганын жарыялады.

Катарга жардам берүүчү өлкөлөргө Марокко да кошулду.

Марокконун королу 6-Мухаммед, Катарга аба жолу менен азык-түлүк жиберилиши үчүн буйрук берди.

Бул учурда Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Адил эл Жүбейр, Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолукту.

Жүбейр, жолугушуудан кийин, «Катарды курчоого алган жокпуз. Катардын порттору ачык, аэропорттору ачык, биз жалгыз гана өз аба мейкиндигибизди Катар фирмаларына колдонтпойбуз. Калгандары колдоно алышат. Портторуна да кирип чыга алышат, бирок биздин жээк сууларыбыздан өткөрбөйбүз. Бул блокада эмес. Керек болсо Катарга азык зат жана медициналык материал жардамын жөнөтүүгө даярбыз»,-деп айтты.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Вашингтондогу элчиси Юсуф эл Утейбе болсо, Катарга дипломатиялык эмбарго киргизген өклөлөрдүн көргөн чараларынын АКШнын аймактагы аскердик базаларына таасир этпей тургандарын Вашингтонго билдиргендерин белгилеп, «Бул чара көрүүлөрдүн арасында Катарга карай аскердик операциядан сөз болбойт»,-деп айтты.

Утейбе, Катардан талап кылынгандардын тизмесинин жакында Вашингтонго сунушутала турганын айтты.

Сауд Арабияга барууга даярданып жаткан Ирактын премьер-министри Хайдар ал Ибади да, Катарга блокада коюуга каршы экендиктерин жарыялады.

Ибади, Рияддан Дохага карай күнөөлөрүнүн ачыкталышын талап кыла турганын айтты.



Тектеш кабарлар