Өкмөт башчынын фракциялык жыйында берген маалыматтары

Партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөгөн Йылдырым, күн тартипке сереп салды.

746874
Өкмөт башчынын фракциялык жыйында берген маалыматтары

Премьер-министр, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракция жетекчисинин милдетин аткаруучу Бинали Йылдырым, Германиянын Аданадагы Инжирлик базасынан чыгуу чечими тууралуу: «Кандай каалашса ошондой кылышсын»,-деди.

Партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы фракциялык жыйналышында сөз сүйлөгөн Йылдырым, күн тартипке сереп салды.

Немис эл өкүлдөрүнүн Инжирлик базасындагы немис аскерлерине баруусуна уруксат берилбегени боюнча Берлин бийлигинин «базадан кетүү» чечимин чыгаруусуна, өкмөт башчы терс жооп берди.

Йылдырым чечимге,«Кандай каалашса ошондой кылышсын»,-деген жоопту берди.

Сөзүндө 7 өлкөнүн Катар менен карым-катнаштарын токтотуу чечимине да токтолгон Бинали Йылдырым, абалды укканда капа болгонун айтты.

Өкмөт башчы: «Кайрымдуу Рамазан айына жарашкан, досчо диалогдун өнүктүрүлүшү үчүн Түркия катары активдүү мамилебизди улантабыз. Мамлекеттер аралык карым-катнаштар негизсиз кабарлардын айынан жараланбашы керек»,-деп айтты.

Катарга киргизилген дипломатиялык эмбаргону капа болуп уккандарын баса белгилеген Йылдырым, Перс булуңу өлкөлөрүнүн диалог жана тынчтык менен чечим табуулары керектигин белгилеп кетти.

Премьер-министр Йылдырым, АКШнын Сириянын Ракка шаарын террор уюму ДЕАШтан тазалоо үчүн жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен бирге баштаткан операцияны кылдат байкап жаткандарын маалымдады.

Түркиянын коопсуздугунун маанисин баса белгилеген Йылдырым: «Өлкөбүз үчүн коркунуч туудурган эч бир абалга уруксат бербейбиз. Раккада же ал аймакта кандайдыр бир жерде коопсуздугубузду коркунучка салган абалга туш болсок керектүү жооптуу дароо беребиз»,-деди.

Түркиянын көп жолу эскерткенине карабастан АКШнын террордук элементтер менен бирге кыймыл кылганын айткан Йылдырым: «Түркия катары бул кызматташуудан келип чыга турган маселелерден өлкөбүздүн кымындай да зыянга учурашына уруксат бербейбиз. Террор кааласа ичкериде, кааласа тышкарыда болсун, өлкөбүздү, улутубузду, жан жана мүлк коопсуздугубузду кай жерде коркунучка салса дароо керектүү жооп берилет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар