ФЕТӨгө мүчө 130 киши үчүн чакырык

Фетуллах Гүлен да арасында болгон 130 киши 3 айдын ичинде Түркияга кайтып келүүсү керек

745660
ФЕТӨгө мүчө 130 киши үчүн чакырык

Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) корбашчысы Фетуллах Гүлен да арасында болгон 130 киши үчүн «өлкөгө кайткыла» чакырыгы айтылды.

Алар туурасында териштирүү же куугунтуктоо башталып жана чет өлкөдө жүрүшкөндүктөн изделип жаткан 130 кишинин тизмеси Расмий гезитте жарыяланды.

Буга караганда тизмедеги кишилер бүгүндөн тарта 3 айдын ичинде Түркияга кайтып келип тиешелүү органдарга кайрылбаган учурда, Министрлер кеңешинин токтому менен түрк жарандыгынан чыгарылат.

15-июль төңкөрүш аракетинен кийин ФЕТӨгө карай сот процессинде, чет өлкөдөгү айрым шектүүлөр туурасында «Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузуу», «Баш мыйзамды бузуу», «Президентке кол салуу», «Мыйзам чыгаруу органына каршы кылмыш», «Өкмөткө каршы кылмыш», «Түркия Республикасынын өкмөтүнө каршы куралдуу козголоң», «Куралдуу уюм» жана «Курал-жарак менен камсыздоо» кылмыштарынын улам териштирүү же куугунтуктоо башталган болчу.

Тизмеде ФЕТӨнүн корбашчысы Гүлен менен катар Элдердин демократиялык партиясынын (ХДП) эл өкүлдөрү Файсал Сарыйылдыз жана Тугба Хезер менен ХДПнин мурдагы эл өкүлү Өздал Үчер да бар.



Тектеш кабарлар