ДЕАШтан тазаланышы үчүн даярдык жүрүп жаткан Ракка операциясы башталды

Бул маалыматты өкмөт башчы Бинали Йылдырым ооз ачуу программасында медианын өкүлдөрүнө берди.

745335
ДЕАШтан тазаланышы үчүн даярдык жүрүп жаткан Ракка операциясы башталды

Бир канча айдан бери террор уюму ДЕАШтан тазаланышы үчүн даярдык жүрүп жаткан Ракка операциясы башталды.

Бул маалыматты өкмөт башчы Бинали Йылдырым ооз ачуу программасында медианын өкүлдөрүнө берди.

Премьер-министр Бинали Йылдырым: «2-июндан 3-июнга оогон түндө мындан мурда пландалган Сирияда ДЕАШтан тазаланышы үчүн Рака операциясы баштатылды. Бул темада АКШ тийиштүү маалыматтандырууну операциянын алдында жасады»,-деди.

Анкара, АКШнын жикчил террор уюму ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ менен кызматташуусунан тынчсызданууда. Бул абал бардык деңгээлде айтылды.

Вашингтон болсо мунун тандоо эмес, мажбурдуулук болгону жообун берди.

Йылдырым процесс кылдат байкалып жатканын белгиледи жана Түркияга берилген ишеним туурасында кеп салды.

Өкмөт башчы Йылдырым: «Берилген ишеним Ракка опеациясында колдонула турган куралдардын кийинчерээк өлкөбүздө террордук топтордун колуна өтпөшү жана террордук кыймылдарда коопсуздук күчтөрүбүзгө, атуулдарыбызга каршы колдонуу ыктымалдуулугун пайда болбошу. Муну атайын байкай тургандарын айтышты»,-деп айтты.

Өкмөт башчы Йылдырым, Европа Биримдиги менен болгон карым-катнаштар өзгөчө Германия менен болгон карым-катнаштардын нормалдаштырылышы керектигин кошумчалады.



Тектеш кабарлар