Түркиянын Шырнак облусунда кулаган тик учар өлкөнү кайгыга салды

Шырнактын элет жериндеги тик учар кырсыгында 13 аскер шейит болду.

743472
Түркиянын Шырнак облусунда кулаган тик учар өлкөнү кайгыга салды

Түркия, аза күтүп жатат...

Шырнактын элет жериндеги тик учар кырсыгында 13 аскер шейит болду.

Түшкөн тик учарда 1 генерал-лейтенант, 2 полковник, 1 подполковник, 1 майор, 3 капитан, 1 улуу лейтенант, 2 башкы  сержант, 2 адис сержант бар эле.

Улудере районуна караштуу Шеноба аймагынан учкан Cougar үлгүсүндөгү тик учар, учкандан 3 мүнөт өтпөй жогорку чыңалуудагы чубалгыларга илинип калып кулап түштү.

Шейиттердин арасында 23-Чек ара дивизиясынын командири, генерал-лейтенант Айдоган Айдын да бар эле.

Түркиянын алгачкы аял райондук жандармериянын командири, подполковник Сонгүл Якут да тик учар кырсыгында шейит болду.

Айдындын командирлигинде аймакта 43 күндөн бери жикчил террор уюмуна оор сокку урган көп сандаган кеңири операция жүргүзүлдү.

Шырнак мамлекеттик ооруканасына жеткирилген шейиттер үчүн бүгүн Шырнакта аскердик азем өткөрүлдү. Сөөктөр андан кийин туулган жерлерине узатылды.

Башкы штаб төрагалыгы: «Окуя тууралуу иликтөө уланууда»,деген жарыясын кылды.

Кырсык кабары Анкараны дароо иш-аракетке өткөрдү.

Вице-премьер Мехмет Шимшек, ички иштер министри Сүлейман Сойлу, улуттук коргоо министри Фикри Ышык жана башкы штаб төрагасы, армия генералы Хулуси Акар, аскердик тик учар түшөөр замат аймакта иликтөө жүргүзүш үчүн Шырнакка жөнөп кетишти.

Президент Режеп Таййип Эрдоган болсо бир билдирүү жарыялап, шейит үй-бүлөлөрүнө кайрат айтты.

Президент: «Террор менен күрөшүүдө акыркы айларда көп сандаган ийгиликтерге жетишүүбүздү камсыздаган бул аскерлерибиздин баатырдыктарын, өлкө жана улут катары эч качан унутпайбыз»,-деп жазды.

Кайгылуу кабарды капа болуп укканын белгилеген премьер-минстр Бинали Йылдырым да: «Бизди терең кайгыга салган бул жаман окуяда шейит болгон мекендин баатыр балдарына бейишинен орун беришин тилеймин»,-деди.

Республикачыл элдик партиясынын жетекчиси Кемал Кылычдароглу, Шырнакта аскердик тик учардын кырсыкка учарашынын себебинен шейит болгон аскерлердин мекени жаннат болушун тиледи.



Тектеш кабарлар