Эл алдына 180 күндүк иш-аракет планы менен чыгабыз

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Башкы борбордо өткөрүлгөн ооз ачуу программасында сөз сүйлөдү.

741968
Эл алдына 180 күндүк иш-аракет планы менен чыгабыз

Президент Режеп Таййип Эрдоган, улуттун алдына июнь айынын акырынан баштала турган 180 күндүк иш-аракет планы менен чыга тургандарын жарыялады.

Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси, президент Режеп Таййип Эрдоган борбор шаар Анкарада Башкы борбордо өткөрүлгөн ооз ачуу программасында Министрлер кеңешинин мүчөлөрү, АК Партиянын борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинин мүчөлөрү (БЧЧБК)  жана фракция башчы орун басарлары менен жолукту.

21-майда өткөн Курултайда Башкы борбор органдарына шайланган партия мүчөлөрүн куттуктаган Президент Режеп Таййип Эрдоган, 29-майда да Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешин (БЧЧБК) чогултуп Борбордук башкаруу кеңешин белгилегендерин айтты.

Эрдоган, орточо жаш курагы 47 болгон Борбордук чечим чыгаруу жана башкаруу кеңешинде 16 мүчөнүн 40 жана андан төмөнкү жаш курагында экенин, эл өкүлдөрүнүн орточо жаш курагы болсо 52 экенин маалымдап: «Кадр жагынан, программа жана долбоор жагынан дайыма өзүбүздү жаңылап улутубуздун көңүлүндөгү ордубузду күчтөндүрөбүз»,-деп айтты.

Президент, мындан кийинки алгачкы шайлоо жылы болгон 2019га чейин тыкыс жана натыйжа алууга карай программаны ишке ашырууга мажбур болгондоруна көңүл бурду.

Алгачкы баскычта министрлер тарабынан 180 күндүк иш программаларын даярдоолору күтүлгөнүн белгилеген президент: «Бул иш планы кудум эле бийликке келгенибиз алгачкы күндөрдөгү сыяктуу 100 күндүк программабызга окшош түздөн-түз улутубуздун күнүмдүк турмушу менен алектенип, маселелердин чечилишине карай практикалык сунуштарды камтып, бул биздин ошол эле учурда жол картабыз болот»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, удаама-удаа көп сандаган кызматтарды талап кылган улутка жай алдыра турган программаны ылдам даярдап ишке ашырууга мажбур болгондорун белгилеп, бул үчүн улуттун алдына алгачкы баскычта 180 күндүк, экинчи баскычта болсо 2019-жылга чейинки мезгилди камтыгыдай дагы тереңирээк иш-аракет планы менен чыга тургандарын маалымдады.

2023-жыл максаттарынын сыноосу мүнөзүндөгү бул иштерди биргелешип жана чечкиндүүлүк менен жүргүзө тургандарын айткан президент: «Аймагыбыздын борборунда болгон глобалдык кайрадан курулуу процессинде алдыбызга чыга турган сыноолорду күчтүү түрдө аткара алуубуз үчүн 180 күндүк программаны июнь айынын акырынан тарта баштайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар