Чавушоглу Генч үй-бүлөсү менен телефон аркылуу сүйлөштү
Германиядагы ашкере оңчулдардын кол салуусунда Генч үй-бүлөсү 5 баласынан ажыраган болчу
741974
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Германиянын Золинген шаарында 1993-жылы ашкере оңчулдардын кол салуусунда 5 баласынан ажыраган Генч үй-бүлөсү менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Чавушоглу ашкере оңчулдардын кол салуусунан келип чыккан апаатка 24 жыл болушунан улам Генч үй-бүлөсү менен телефон сүйлөшүүсүн өткөрдү.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Адам укуктарын иликтөө комиссиясынын жетекчиси Мустафа Йенероглу да сүйлөшүү учурунда үй-бүлөнүн жанында болду.
Золинген шаарында 1993-жылдын 29-майында ашкере оңчулдар тарабынан Генч үй-бүлөсүнүн үйү өрттөлүп, өрттөн Хатиже, Хүлья жана Саиме Генч, Гүрсүн Инже жана Гүлистан Өзтүрк көз жумган болчу.