Түрк учагы Орусиянын аба мейкиндигинде учат
Аскердик учак Орусиянын аба мейкиндигинде текшерүү жүргүзөт
Түрк аба күчтөрүнө таандык аскердик учак Орусиянын аба мейкиндигинде текшерүү жүргүзөт.
Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу Атомдук коркунучтуу азайтуу борборунун жетекчиси Сергей Рыжков, учакта түрк жана норвегиялык аскерлерден турган байкоочу эксперттердин болоорун билдирди.
«Ачык асман» келишиминин алкагындагы текшерүүнүн 29-майдан 2-июнга чейин өтө турганын айткан Рыжков, эксперттердин Түркияга таандык CN-235 үлгүсүндөгү учак менен уча тургандарын маалымдады.
Рыжков айрыкча Орусиянын аскердик эксперттеринин да текшерүү учурунда учакта болоорун жана келишимдин алкагында көздөлгөн көзөмөл аппараттарынын колдонулушун текшере тургандарын айтты.
Ошондой эле CN-235 үлгүсүндөгү учактын курул-жарак менен жабдылбаган учак түрү экенин да баса белгиледи.
Орусия болсо «Ачык асман» келишиминин алкагында 27-февралдан 3-мартка чейин түрк аба мейкиндигинде текшерүү жүргүзгөн болчу.
Эскишехир аэропортунан учкан Антонов Ан-30В учагында орус байкоочулар менен катар түрк адистер да болгон.