Түркияга келген орусиялык туристтердин саны өсүүдө

Орусиядан Түркияга келе турган туристтердин саны быйыл 3 миллион 600 миңге жетиши мүмкүн

738243
Түркияга келген орусиялык туристтердин саны өсүүдө

Орусиянын туроператорлору ассоциациясынын (АТОР) жетекчиси Майя Ломидзе, Орусиядан Түркияга туристтердин агымы, эки өлкөнүн ортосунда 2015-жылы болгон кризистен мурдагы мезгилдин көрсөткүчүнө жете турганын айтты.

АТОРдун көрсөткүчтөрүнө караганда 2015-жылы 3 миллион 650 миң орусиялык турист Түркияга келген.

Өткөн жылы бул сан 76 пайыз азайып, 866 миңге түшкөн.

АТОРдун жетекчиси Ломидзе, Орусияда Түркияга келе турган туристтердин саны быйыл 3 миллион 600 миңге жете турганын жана 2015-жылдагы деңгээлге жакындашы мүмкүн экенин билдирди.

Ломидзе жылдын башынан бери Түркияга жайкы эс алуу үчүн 700 миң пакет тур сатылганын айтты.

2015-жылдын ноябрь айында түрк аба мейкиндигине кирип кеткен орус учагынын атып түшүрүлүшүнөн кийин эки өлкөнүн ортосунда чыңалуу жаралган болчу.



Тектеш кабарлар