Агрыда ПКК операциясы

ПКК жикчил террордук уюмга карата жасалган операцияда 29 террорист өлтүрүлдү.

740009
Агрыда ПКК операциясы

Агрыда жандармериянын атайын кыймылы тарабынан ПКК жикчил террордук уюмга карата жасалган операцияда 29 террорист өлтүрүлдү. Вандын Тендүрек элетинде террористтердин жол тосуу жана унааларды өрттөшү менен операциялар башталып, артынан түшүлгөн террористтер менен чыккан кагылышууда 3 аскер жана 1 коргоочу шейит болуп, 4 аскер да жараланган болчу.

Жандармерия атайын кыймылы тарабынан ПКК жикчил террордук уюмга карата жүргүзүлгөн операцияда 29 террорист өлтүрүлдү.

Хаккаринин Шемдинли районунун Кочтепе аймагындагы операцияда да террористтер менен катуу кагылышуу болду. Чыккан кагылышууда 1 аскер шейит болуп, 2 террорист өлтүрүлдү. Ирактын түндүгүндөгү Метина аймагына жасалган аба операциясында болсо кыймыл үчүн даярданып жаткан 6 террорист таасирсиз абалга алып келинди.

Ушундайча Агры Хаккари жана Түндүк Иракта 37 террорист таасирсиз абалга алып келинди. Бир тараптан ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа эсебинен шейиттер тууралуу бөлүштү. Сойлу : «Тендүрек шейиттерибиз; каныңар жерде калбайт. Бүгүн жана бүгүн түнү аскерлерибиз террористтерге эң оор жазаны берди»,- деди.



Тектеш кабарлар