Пакистандын башкы штабынын башчысы Анкарада

Махмуд Хаят Хулиси Акар тарабынан аскердик азем менен тосулуп алынды

738850
Пакистандын башкы штабынын башчысы Анкарада

Пакистандын башкы штабынын башчысы Зубаир Махмуд Хаят расмий сапар менен Анкарага келди.

Махмуд Хаят Башкы штабдын төрагалыгында армия генералы Хулиси Акар тарабынан аскердик азем менен тосулуп алынды.

Армия генералы Хаят, эки өлкөнүн улуттук гимндери аткарылгандан кийин аянттагы аскерлер менен саламдашты.

Аземден кийин эки командир сүйлөшүү өткөрүштү.

Армия генералы Зубаир Махмуд Хаят жана аны коштогон делегация андан соң деңиз күчтөрү командири адмирал Бүлент Бостаноглу менен жолугушту.



Тектеш кабарлар