Министр Чавушоглу Италияга барат
Жолугушууларда Түркия-Европа Биримдиги алакалары, террорго каршы күрөшүү жана аймактык маселелер каралат
737668
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу расмий сапар менен бүгүн Италияга барат.
Чавушоглу Италиянын борбор шаары Римдеги жолугушууларынын алкагында алгач Италиянын президенти Серхио Мэттарелла жана премьер-министри Паоло Жентилони тарабынан кабыл алынат. Андан соң италиялык кесиптеши Анжелино Алфано менен жолугушат.
Жолугушууларда Түркия-Европа Биримдиги алакалары, террорго каршы күрөшүү жана аймактык маселелер каралат.
Мевлүт Чавушоглунун «Итальян эл аралык мамилелер институту» аттуу ой-пикир мекемеси тарабынан уюштурулган форумда да сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Министр Гүлер ливиялык командирди кабыл алды
Баш калаа Анкарадагы жолугушууда, Ливия менен аскердик билим берүү жана кеңешүү жараяны каралды.