Эрдогандын жаштарга билдирүүсү

Президент Эрдоган Стамбул университетинде сөз сүйлөдү

737713
Эрдогандын жаштарга билдирүүсү

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Түркия ээ болгон эң чоң күчтүн жаштар жана өнүккөн адам ресурстары экенин айтты.

Жаштардын энергиясына, эрктүүлүгүнө, аракетине бардык тармакта муктаждык болгонун белгилеген Эрдоган: «Ийгиликтин жолу, үзгүлтүксүз жана пландуу иштөөдөн өтөт»,- деди.

Президент Режеп Тайип Эрдоган, Стамбул университетинин Медицина факультетинин бүтүрүү кечесинде сөз сүйлөдү.

«Түркиянын өз максатына жетүүсү үчүн жаштардын динамизмине муктаж экенин баса белгилеген президент: «Бул үчүн колуңардан кармап сиздерди бир жерлерге алып барууну күтпөгүлө. Өзүңөр аракет кылгыла, күрөшкүлө. Мунун негизинде алдыңыздагы каалгалардын бир-бирден ачылганын, максатыңызга кыска убакта жеткениңизди көрөсүз. Биз жаштарыбызга ишенебиз. Алардын да өздөрүнө, өлкөсүнө жана улутуна ишенүүсүн каалайбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар