Жылдын башынан берки террор менен күрөшүүнүн жыйынтыгы

Жикчил террор уюмунун жаз-жай мезгилине карата даярдыктарына бөгөт коюу максатында башталган операциялар тынымсыз уланууда.

736801
Жылдын башынан берки террор менен күрөшүүнүн жыйынтыгы

Түрк куралдуу күчтөрүнүн акыркы 10 күндүн ичинде жүргүзгөн операцияларында жикчил террор уюму ПККга мүчө 93 террорист жок кылынды.

Жикчил террор уюмунун жаз-жай мезгилине карата даярдыктарына бөгөт коюу максатында башталган операциялар тынымсыз уланууда.

Ушул алкакта террор уюмунун ар дайым баш калкалоо аянты жана өлкө ичине өтүү багыты катары колдонгон Хаккари, Шырнак, Сиирт, Диярбакыр, Батман, Тунжели сыяктуу аймактарда операциялар жүргүзүлдү.

Операцияларда террористтер тарабынан колдонулган 71 баш калкалоочу аянты жана үңкүрдүн таш талканы чыгарылып, чоң көлөмдөгү жарылуучу зат жана ок-дары да колго түшүрүлдү.

Чек аралардан мыйзамсыз жолдор менен өтүүгө аракет кылган 8755 киши да кармалды.

Коопсуздук күчтөрү тарабынан жылдын башынан бери жүргүзүлгөн 4786 операцияда болсо 316 террорист жок кылынды, алтоо жарадар болду, 133ү багынып берди, 187си колго түшүрүлүп, булардын бардыгы 642ге жетти.



Тектеш кабарлар