Түркия, АКШнын элчиси аркылуу Американын коопсуздук кызматкеринин кемчилигине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигине чакыртылган АКШнын Анкарадагы элчисине бул тема тууралуу оозеки жана жазуу түрүндө каршылык көрсөтүлдү.

737038
Түркия, АКШнын элчиси аркылуу Американын коопсуздук кызматкеринин кемчилигине каршылык көрсөттү

Түркия, президент Режеп Таййип Эрдогандын 16-майдагы Вашингтон сапары убагында Американын коопсуздук кызматкеринин кемчилигине каршылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигине чакыртылган АКШнын Анкарадагы элчисине бул тема тууралуу оозеки жана жазуу түрүндө каршылык көрсөтүлдү.

Эрдоганды АКШ саякатында коштоп жүргөн Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун жан сакчы тобуна карата «отурукташкан, дипломатиялык эреже жана мыйзамдарга, профессионалдуулукка терс түшкөн орой мамилелерине оозеки жана жазуу түрүндө каршылык көрсөтүлгөн» нотасында, «Америка органдарынын бул окуяны териштириши жана керектүү ачыктоо жасалышы расмий түрдө талап кылынды».

Тышкы иштер министрлигинин бул темага байланыштуу жарыясында, «АКШнын элчиси менен болгон сүйлөшүүдө, урматтуу Президентибиздин Вашингтондо жүргөн убагында туш болгон жана АКШ органдарынын керектүү алдын алууларды программанын бардык баскычында көрсөтө албоосунан келип чыккан коопсуздук кемчиликтеринин, калган бардык жактан ийгиликтүү өткөн маанилүү сапарга көлөкө түшүрбөй турганы баса белгиленди».



Тектеш кабарлар