Сакария менен Мушта өлкө тышына чыгууна каалаган чет элдиктер кармалды

Европа өлкөлөрүнө баруу үчүн мыйзам тышы жолдор менен Түркияга кирген чет элдик 123 киши кармалды.

735535
Сакария менен Мушта өлкө тышына чыгууна каалаган чет элдиктер кармалды

Европа өлкөлөрүнө баруу үчүн мыйзам тышы жолдор менен Түркияга кирген чет элдик 123 киши кармалды. Сакариянын Хендек районунда мыйзам тышы жолдор менен Европа өлкөлөрүнө баруу максатында өлкөлөрүнөн чыгып Түркияга келген 70 афган бир эс алуу жерине алып келинди.

Бул кишилерди байкаган жарандар абал тууралуу жандармерияга билдиришти. Билдирүү боюнча аймакка барган топтор качууга аракет кылган афганстандыктарды кармап Хендек жандармерия командирлигине алып барды. Афганстандыктрарды таштап качкан кишилердин кармалышы үчүн изилдөө баштатылды.

Мушта да мыйзам тышы жолдор менен Түркияга киргендиги аныкталган 28 Афганстан, 19 Пакистан, 5 Иран жана 1 Бангладеш жараны коопсуздук директорлугунун топтору тарабынан элет жеринде кармалды.

 



Тектеш кабарлар