Мевлют Чавушоглу Кипр тууралуу маалымат берди

Кипр Рум тарабы шайлоого жакындап,  популист бир тарапка карай жылып баратат.

735077
Мевлют Чавушоглу Кипр тууралуу маалымат берди

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Кипр Рум тарабы шайлоого жакындап,  популист бир тарапка карай жылып жаткандыгын айтты.

Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу менчик бир телекөрсөтүү каналында күн тартибине байланыштуу баа берди. Чавушоглу : «Кипр сүйлөшүүлөрү тууралуу кечээки сүйлөшүүдөн бир күн мурда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Мустафа Акынжы менен сүйлөштүк. Жүргүзүлө турган жол картасы тууралуу бир макулдашуу болгондугун айтышты. 2014 -  жылы 11 -  февралда орток билдирүү бул сүйлөшүүлөрдүн бир алкагы. Алты негизги тема бар. Экөөсү коопсуздук тууралуу, бирөөсү жер тууралуу. Булар эң акыркы бештик конференцияда каралат. Башка төрт темада ачык болгон темалар бар жана булар сүйлөшүлүп жабылат. Кечээки жыйында рум бөлүгүнүн  сунуштары тууралуу бир жыйынтык ала алган жокпуз. Төрт темадагы ачык темаларда сүйлөшүүнү каалабай жатат. Себеби эмне экен, конференцияны бүткөрөлү, гарантия жана жер маселелерин чечели. Башкаруу темаларында да өздөрү бир жакшылык кылышат имиш. Бул пикирлерди албетте түрк тарабы четке какты. Рум тарабы шайлоого карай баратат. Популизм алдыга чыга баштады. Анастасиадис маселени чечүүнү кааласа да ушундай сунуштарды билдире баштады. Шайлоого бара жатып популист тарапка жылды. Биз жакындан иликтеп жатабыз. Бирок рум тарабы дагы этиятсыз кыймыл кыла баштады»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар