Чавушоглу көптөгөн темада маалыматтарды берди

Чавушоглу: «АКШ ФЕТӨнүн корбашчысынын тапшырылышы талабын карап жатат жана Ракканын арабдарга өткөрүлүп берилээрине убада кылды. Германия болсо Инжирлик базасынан кетүүнү кааласа өздөрү билишет»

734883
Чавушоглу көптөгөн темада маалыматтарды берди

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Америка башкаруучулугу жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГге берилген курал-жарактардын Түркияга каршы колдонулбай турганы боюнча убада кылганын айтты.

Чавушоглу менчик телеканалда күн тартипке байланыштуу маалыматтарды берди.

Президент Эрдогандын 16-майдагы АКШга сапарына токтолгон Чавушоглу, Эрдогандын кесиптешине бардык билдирүүлөрүн так айтканын белгиледи.

Террордук уюм ДЕАШка каршы кызматташуу үчүн Түркиянын да шарттары бар экенин билдирген минист Чавушоглу: «Ичинде ЙПГге мүчө террористтер болгон жерде биз болбойбуз»,-деп айтты.

«Түркияга коркунуч салган учурда ЙПГге каршы күч колдонуу эрежелерин аткарабыз» деген президент Эрдогандын сөздөрүн эске салган Чавушоглу, мунун терс кабыл алынбаганын, АКШнын бул уюмга берилген курал-жарактардын Түркияга каршы колдонулбай турганы жөнүндө убада кылганын айтты.

Чавушоглу АКШнын ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча атайын өкүлү Бретт Мак-Герктин террордук уюм ПКК/ПЙДге толук колдоо көрсөткөнүн жана бул адамдын алмаштырылышы керектигин да баса белгиледи.

Эрдогандын Вашингтондогу жолугушуулары убагында Сириянын Ракка шаарына карай операцияда «террористтердин кирип кетүү ыктымалдуулугун» баса белгилегенин айткан Мевлүт Чавушоглу, бул аймактын көзөмөлүнүн арабдарга өткөрүлүп берилишине буйрук берилгенин түшүндүрдү.

15-июль төңкөрүш аракетин жасаган Фетуллахчы террор уюмунун (ФЕТӨ) АКШда жашаган корбашчысынын тапшырылышы талабынын да Америка башкаруучулугуна кайрадан билдирилгенин белгилеген Чавушоглу: «Биздин күтүүбүз анын тапшырылышы. Бул процеесте укуктук чаралардын көрүлсө болоорун жана АКШда териштирүү жүргүзүлүшү керектигин айттык. Тапшырылганга чейин убактылуу камакка алуу менен катар айрым чаралардын көрүлүшүн өтүндүк. Трамп бул талаптарды карап жаткандарын айтты»,-деди.

Тышкы иштер министр, Германия менен акыркы мезгилдерде чыңалган алакаларга да токтолду.

Немис кесиптеши Зигмар Габриэлдин «Түркия опузалоо кылып жатат» деген сөздөрүнө катуу каршылык көрсөткөн Чавушоглу: «Германия « Түркияга каршы каалаганыбызды жасайбыз» деген оюнан баш тартышы керек. Сиздин кош стандарттарыңыздарга баш ийбейбиз. Түркияга кожоюн сыяктуу эмес, дос сыяктуу мамиле кылыңыз»,-деп айтты.

Немис башкаруучулугунун Анадагы Инжирлик базасындагы аскерлерин чыгарып кетүүгө чечим чыгаруу ыктымалдуулугу суралганы боюнча Чавушоглу: «Өздөрү билишет. Келүүнү каалашты, жардам бердик. Кетүүнү каалашса да жакшы баргыла дейбиз»,-деген жообун айтты.



Тектеш кабарлар