Эрдоган-Трамп жолугушуусуна байланыштуу жалпы маалымат

Басма сөз катчы Ибрахим Калын кечээки жолугушуу туурасында маалымат берди

733831
Эрдоган-Трамп жолугушуусуна байланыштуу жалпы маалымат

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, президент Режеп Тайип Эрдоган менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жолугушуусунда ПКК жана ДЕАШ менен катар террордук уюмдарга каршы күрөшүүнүн талкууланганын билдирди.

Калын Эрдогандын кечээ Трамп менен Ак үйдө бетме-бет жана делегациялар аралык жолугушууларына байланыштуу жалпы маалымат берди.

Ибрахим Калын сүйлөшүүлөрдө Түркия-АКШ алакаларынын стратегиялык маанисинин баса белгиленгендигин айтты.

Экономика, соода жана коргонуу тармактарында таштала турган кадамдардын каралганын билдирген Калын: «ПКК жана ДЕАШ менен катар террордук уюмдарга каршы күрөшүү талкууланды»,-деди.

Ибрахим Калын, Фетуллахчы террор уюмуна (ФЕТӨ) карай таштала турган кадамдардын да сүйлөшүлгөнүн белгиледи.

Президенттиктин басма сөз катчысы Калын, жолугушуулар убагында Сирия менен Ирактагы кырдаалдын да кеңири каралып чыкканын билдирди.



Тектеш кабарлар