Аясофия интернетте 473 миң 193 жолу этикеткаланды
TravelBird инстаграмда этикетка колдонуу менен эң көп сүрөтү бөлүшүлгөн жерлерди чыгарды.
Аясофия музейи интернетте 473 миңден ашуун этикеткаланды. Борбору Голландия болгон эс алуу сайты TravelBird инстаграмда этикетка колдонуу менен эң көп сүрөтү бөлүшүлгөн жерлерди чыгарды. Тизмеде түркиядан Аясофия музейи да орун алды.
14 миллион 600 миң жолу этикеткаланган Диснейланддан кийин Франциянын борбор шаары Париждеги Ейфель мунарасы турат.
Тизмедеги 470 жердин арасында Түркиядан бир гана Аясофия музейи орун алган. Аясофия 473 миң 193 этикеткалоо менен тизмеде 43 - орунду алды. Тизмеде Маями жээктеринен Берлин дубалына, Лондондун белгилүү саат мунарасы Биг Бенден Нью – Йорктун белгилүү Таймс аянтына чейин бир топ туристтик жерлер бар.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.