Президент Режеп Таййип Эрдоган Кувейтте...

Эрдоган, дос жана тууган өлкөлөрдө элине кызмат кылган башкаруучуларды каалагандарын айтты.

728810
Президент Режеп Таййип Эрдоган Кувейтте...

Президент Режеп Таййип Эрдоган, дос жана тууган өлкөлөрдө элине кызмат кылган башкаруучуларды каалагандарын айтты.

Президент Эрдоган, Кувейттин эл аралык аэропортунун жаңы терминал имаратынын пайдубал түптөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз, дос жана тууган өлкөлөрдүн башында элине зулумдук кылган эмес, элине кызмат кылган башкаруучулар болушун каалайбыз. Көңүл дүйнөбүздүн бөлүнгүс бир бөлүгү катары каралган өлкөлөрдүн, зулумдар тарабынан кулатылышына эмес, зээндүү, жөндөмдүү жана адилеттүү лидерлер тарабынан курулуусуна күбө болгубуз келет»,-деди.

«Дүйнө жүзүнүн тынчтыгы, аймагыбыздын ырааттуулугуна, аймагыбыздын ырааттулугу да биз көрсөтө турган чечкиндүү мамилеге байланыштуу»,деген Эрдоган: «Түркия жана Кувейт катары аймагыбыздагы маселелердин чечилиши темасында жасай турган кызматташтык, жүрөгүбүздү жаралаган көрүнүштөрдүн алдына өтүшүн камсыздай турган маанилүү өнүгүүлөрдүн да каалгасын ачат. Өз чек араларыбыздын ары жагына алып барган жоопкерчилик сезими менен көрсөтө турган биргелешкен эрктин, башка өлкөлөрдү да иш-аракетке өткөрө ала турганына ишенүүдөмүн»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, Кувейттин эмири Шейх Сабах аль Ахмед аль Жабир аль Сабах менен өз алдынча жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрөт.

Жолугушууларда Кувейт менен эки тараптуу карым-катнаштар менен катар аймактык жана эл аралык темалар каралат.

Президент Эрдогандын сапарынын «эң мыкты карым-катнаштарга ээ болгон» Кувейт менен кызматташуунун тереңдетилишине салым кошуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар