Террор уюму ПЙД/ПККнын чоң суммадагы акчасы жоголду...

Террор уюму ПЙД/ПКК, Сириянын Карачок тоосундагы базасына жашырган жана операциядан кийин жоголгон Америка долларларын издөөдө.

728075
Террор уюму ПЙД/ПККнын чоң суммадагы акчасы жоголду...

Террор уюму ПЙД/ПКК Карачоктогу долларларынын изин кууп жүрөт...

Түрк куралдуу күчтөрү Сириянын түндүгүндөгү Карачок тоосундагы ПЙД/ПКК базасын атты. Террор уюму ПЙД/ПКК, Сириянын Карачок тоосундагы базасына жашырган жана операциядан кийин жоголгон Америка долларларын издөөдө.

Сириянын Хасеке облусунун Камышлы районунда Анадолу агенттигинин кабарчысынын маалымдаганына караганда террор уюму ПЙД/ПКК, Түрк куралдуу күчтөрүнүн 25-апрелдеги операциясынан кийин дароо жоголгон чоң суммадагы акча каражатын издеп жатат.

Карачок тоосундагы базага жашырылган долларлардын урандыларды тазалоо убагында табылбаганы боюнча уюмдун башчылары, көп сандаган террористтин түшүндүрмөсүн алды. Бирок акчаларды таба алган жок.

Бул боюнча террор уюму райондо валюта брокерлигин кылган бирөөлөрдүн изин кууп жүрөт. Жоголгон долларлардын серия номерлерин чыгарган уюм, брокерлердин түшүндүрмөлөрүн алып алардагы долларларды иликтей башташты.

Террористтер брокерлерден алган долларларда издин жыты болуп болбогонун да текшерүүдө.

Террор уюмунун мүчөлөрү айрыкча, райондо акыркы бир жумадан бери чоң көлөмдөгү доллар алмаштыргандардын изин кууй баштады.

Түрк куралдуу күчтөрү, Сириянын түндүк чыгышында ПЙД/ПККнын көзөмөлүндөгү Хасеке облусунун Камышлы районунда Ирак чек арасына жакын Карачок тоосун 25-апрелде бутага алган. Карачок, орто эсеп менен 2 жылдан бери ПЙД/ПККнын Сириядагы террордук кыймылдарынын пландалышы менен Сирия-Ирак багытындагы террорист жана курал агымынын камсыздалышында колдонулуп келет.

49 террорист жок кылынган жана база жарактан чыгарылган чабуулдан кийин дароо АКШнын аймакта кызмат кылган командири бул жерге келип уюмга колдоосун көрсөткөн.

АКШнын террор уюму ПЙД/ПККга, ДЕАШ менен күрөшүү шылтоосу менен акчалай жана аскердик жардам бергени белгилүү.



Тектеш кабарлар