Индиянын туризм агенттиктери Муглада

Мугла Болливуд кино тартуучулары менен Индия тойлору үчүн ылайыктуу борбор болду.

728127
Индиянын туризм агенттиктери Муглада
muğla'ya hint ilgisi çok.jpg
muğla'ya hint ilgisi.jpg

 

Президент Р. Т. Эрдогандын 30 -  апрелдеги Индия сапарынан кийин Муглага келген той өткөрүү жана кино тартуу фирмаларынын өкүлдөрү менен агенттик жооптуусу 50 кишилик делегация Мугла жана туристтик райондордогу тарыхый, маданий аянттарда иликтөө жүргүзүп, аймактын кооздуктарын көрүштү.

Муглага деңиз, күн, кум жана тарыхый, маданий  түзүлүшүн көрүү үчүн   жыл сайын көп сандаган турист келүүдө.

Алдыбыздагы процессте Муглага Индиядан 50 кишилик топтор менен жалпы 250 тур операторунун өкүлү келет. Индия тур операторлор биримдигинин төрагасы Гулдип Сингх Сахни Түркияда адамга тынчтык берген чөйрөгө туш келишкендерин белгиледи. Сахни : «Аймактын табигый кооздуктары көз алат. Арашандары жана органикалык азык – түлүктөрү менен тейлендик. Бул аймак Болливуд кино тартуулары үчүн жана Индия тойлорунун өткөрүлүшү үчүн керек болгон бардык шарттар менен кооздукка ээ»,- деди.

Индиянын алдыңкы той жана кино тартуу фирмасы Island Groupтун төрагасы Аман Батиа да бир ай мурунку Түркия сапарында Болливуд кино тартуулары менен тойлорду аймакта өткөрүү тууралуу иштерди аткарышкандарын айтты. Сапарында мамлекеттик жетекчилерди, режиссерлор менен жана Йылмаз Эрдоган менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн тапкандыгын айткан Батиа : «Биздин оюбузча бул аймак өзгөчө Индия тойлору үчүн  абдан чоң потенциалга ээ. Биз бул аймакта сөзсүз түрдө Индия тойлорунун өткөрүлөрүн ойлоп жатабыз. Эми Болливуд киносу жана андан башка Түркия  - Индия биргелешкен сериалдар тууралуу иш аткардык. Жакында мындай проектинин ишке ашарын ойлоп жатам»,- деди.

 



Тектеш кабарлар