Президент Эрдоган Орусияга кетти

Орусияда эң негизги күн тартип беренеси Сирия кризиси болот.

724822
Президент Эрдоган Орусияга кетти

Президент Р. Т. Эрдоган расмий бир сапардын негизинде барган Орусияда эң негизги күн тартип беренеси Сирия кризисинин болорун айтты.

Эрдоган Орусияга кеткенден мурда Эсенбога аэропортундагы билдирүүсүндө сапардын күн тартип беренелери тууралуу  маалымат берди. Орусиянын президенти В. Путин менен бат – бат дүйнөлүк күн тартип тууралуу сүйлөшүшкөндөрүн айткан Эрдоган : «Саясий жактан эң жогорку деңгээлде ишеним бар»,- деди.

Орусиядан башталып Кара деңиз аркылуу Түркияга келиши пландалган жаратылыш газ түтүк жолу проектиси Түрк Агымынын алдыга жылып бараткандыгын белгилеген президент Аккуюу атомдук энергия станциясынын биринчи реакторунун 2023 -  жылдан мурда турмушка ашырууну максатташкандарын айтты.

Путин менен эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын мурунку абалына кайтуусу үчүн аракет кылып жатышкандарын билдирген Эрдоган : «Азыркы учурда туризмде олуттуу өнүгүүлөр боло баштады. Мунун  дагы да өнүгүшүн каалайбыз. Орусиянын да Түркиянын да бюрократия үчүн жумшай турган бир да секунду жок. Бул тууралуу чечкиндүүлүгүбүздү ар дайым кайталап жатабыз. Түрк жарандарынын виза алуу мажбурдуулугу да  адамдарыбыздын ортосундагы жеке карым – катнаштарга жолтоо болууда. Бул темаларды карап чыгабыз. Путин менен карап чыга турган негизги күн тартип беренеси болсо Сирия. Бул тууралуу түшүмдүү кызматташтык түзүү керек»,- деди.



Тектеш кабарлар