Президент Эрдоган Индияда

Эрдоган Түркия-Индия ишкердик форумуна катышты

723294
Президент Эрдоган Индияда

Президент Режеп Тайип Эрдоган расмий сапар менен барган Индиянын борбор шаары Жаңы Делиде өлкөнүн алдыңкы ири компанияларынын жетекчилери менен жолугушту.

Президент Эрдоган конок болгон Таж Палас отелде жабык эшик артында өткөрүлгөн жыйында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, экономика министри Нихат Зейбеки, энергетика жана жаратылыш байлыктары министри Берат Албайрак, маданият жана туризм министри Наби Авжи менен транспорт, деңиз иштери жана байланыш министри Ахмет Арслан да орун алды.

Эрдоган Түркия-Индия ишкердик форумуна катышты. Президент ал жердеги сөз сүйлөөсүндө: «Индия менен болгон карым-катнаштарыбызды өнүктүрүү үчүн керектүү бардык кадамдарды таштоого чечкиндүүбүз»,- деди.

Режеп Тайип Эрдоган андан соң Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйында Эрдоган, Түркиянын террорго каршы күрөшүүдө Индия менен толук тилектештик ичинде экенин айтты.

Жамия Миллия университетинде да президент Эрдоганга ардактуу докторлук наамы берилди.

Эрдоган бул жердеги сөз сүйлөөсүндө, БУУнун жана өзгөчө БУУнун Коопсуздук кеңешинин түзүмүн өзгөртүшү керектигин айтып: «БУУнун Коопсуздук кеңешинен күтүлгөн эмне? Адилеттүүлүк. Бирок БУУнун Коопсуздук кеңешинде адилеттүүлүк барбы? Жок»,- деп айтты.

БУУга карабастан миллиондогон адамды өлтүргөн Асад дагы эле Сириянын башында турса, эми айтыла турчу сөз жок»,-деген Эрдоган: «Баррель бомбаларынан, химиялык куралдардан качкан адамдарга Түркия каалгасын жаппайт»,-деди.


Этикеткалар: #Индиянын , #Жаңы Делиде

Тектеш кабарлар