Эрдоган кайрадан партиясына мүчө болот
Референдумдан кийин жаңы өзгөрүүлөр башталды
722409
Президент Режеп Тайип Эрдоган «Адилеттик жана өнүгүү» партиясына (АК партия) 02.05.2017де кайрадан мүчө болот.
Премьер-министр Бинали Йылдырым борбор шаар Анкарада журналисттердин суроолоруна жооп берди: «16-апрелдеги элдик добуш берүү менен бирге президентибиздин өзү түзгөн партияга мүчө болушунун алдындагы тоскоолдук жоюлду. 2-майда өткөрүлө турган башкы борбордогу жыйында президентибиз жана лидерибиздин мүчөлүгүн кабыл алабыз»,-деди.
Премьер-министр Йылдырым 21-майда АК партиянын кезектеги курултайын өткөрө тургандарын да маалымдады.