Премьер-министр: «ФЕТӨ дүйнөлүк террористтик уюм»

ФЕТӨ 160тан ашуун өлкөгө жайылган

721605
Премьер-министр: «ФЕТӨ дүйнөлүк террористтик уюм»

Премьер-министр Бинали Йылдырым, Фетуллахчы террор уюму/Параллель мамлекеттик түзүмүнүн (ФЕТӨ/ПДЙ) дүйнөлүк террористтик уюм экенин айтты.

Йылдырым Түркия-Африка айыл-чарба министрлеринин 1-жыйыны жана Айыл-чарба ишкердик форумунда сөз сүйлөдү.

Премьер-министр Йылдырым: «ФЕТӨ/ПЙД дүйнөлүк террористтик уюм болуп саналат, 160тан ашуун өлкөдө иш жүргүзөт. Булардын империялык эл аралык уюмдар менен кызматтык түзгөнү учурда жашыруун эмес»,-деди.

Йылдырым: «Көптөгөн Африка өлкөсү бул чыккынчы ФЕТӨнүн уландылары болгон мектептерди, мекемелерди бир-бирден жаап жатышат. Ошондуктан бул уюмдун иштерине өлкөңүздө керектүү чара көрүүдө кеч калсаңыздар, ушундай эле коркунучка сиз да дуушар болушуңуз мүмкүн»,-деди.



Тектеш кабарлар