Чанаккале кургактык согуштарын эскерүү

Гелиболунун түрдүү жерлеринде салтанаттар өткөрүлүүдө.

719746
Чанаккале кургактык согуштарын  эскерүү
çanakkale kara savaşlarının 102. yıl.jpg

Тарыхтын эң чоң каармандык дастандарынан болгон Чанаккале кургактык согуштарынын 102 – жылы түрдүү иш чаралар менен эскерилүүдө.

Гелиболунун түрдүү жерлеринде салтанаттар өткөрүлүүдө.

Салтанттардын негизинде кечээ Шейиттер эстелигиндеги салтанатта Кураан  окулуп, дуа кылынды. Бул жерде сөз сүйлөгөн маданият жана туризм министри Наби Авжы Чанаккале жеңиши менен Боштондук согушунун ортосунда танууга болбой турган бир байланыштын бар экендигин белгиледи. Авжы чоң жеңишке жетишүүдө биримдик рухунун үстөмдүк кылгандыгын айтты.

Англиянын Анкара элчиси Ричард Мур да бул күндүн маанисине басым жасады. Мур Чанаккале кургактык согуштарында кагылышкан эки тараптын ошол эле учурда жакын сезимталдуулукту белгилеп бул жакындыктын өзүн азыр да таасирленткендигин билдирди.

Салтанаттардын негизинде Мехтеран командасы концерт коюгондон киийн жүрүшкө өтүлдү.

Түркиянын дүйнөгө белгилүү аба акробаттык тобу Соло Түрк Чанаккале кысыгынын үстүндө учту. 57 – полктун шейиттигине түрк куралдуу күчтөрү жана Антанта мамлекеттеринин атынан гүл чамбар коюлду. Салтанат министр Авжы жана коштоосундагылардын шейит мазарларына гвоздика таштоосу менен аяктады.

Англис эстелиги жана француз мазарында да салтанттар өткөрүлдү. Түрк армиясынын жеңиши менен бүткөн Чанаккале кургактык согуштары 8 жарым айга созулган. Бир тараптан Чанаккале жеңишинин 102 жылдыгына арналган иш чаранынын негизинде жаштык жана спорт министрлиги тарабынан уюштурулган «57 -  полк жүрүшү» бүгүн жалпы өлкөдө өткөрүлдү. Эрте мененки сааттарда көп сандаган шаарда өткөрүлгөн жүрүшкө миңдеген киши катышты.



Тектеш кабарлар