Британия элчисинен жарандарын Түркияга чакыруу

Британиянын Анкара элчиси Ричард Мур  англис жарандарын Түркияга келишин колдошкондорун билдирди.

717902
Британия элчисинен  жарандарын  Түркияга чакыруу

Британиянын Анкара элчиси Ричард Мур  англис жарандарын Түркияга келишин колдошкондорун билдирди.

Мугланын Фетхие районунун акими Экрем Чалык менен кызмат орундугунда жолугушкан элчи Мур  жолугушуудан кийин журналисттерге берген маалыматында Фетхиени абдан жактыргандыгын, кээ кээде жумуш менен  же эс алуу максатында келгендигин билдирди.

Туризм сезонунан мурда Анталья жана Мугладагы жетекчилер менен англис туристтердин тынчтыгы жана коопсуздугу тууралуу сүйлөшкөндүгүн айткан Мур : «Биз жарандарыбыздын Түркияга келишин колдойбуз. Түркия абдан кыйын бир мезгилден өттү. Өзгөчө 2016 -  жылы террордук кол салуу жана коркунучтуу козголоң кыймылы болду. Ушул себептен кээ бир туристтер тартынышат. Бирок түрк жетекчилердин бардык чараларды көргөндүгүн айткым келет»,- деди.

Мур 2015 -  жылы 2 жарым миллион англистин Түркияга келгендигин эске салып, өткөн жылы бир аз төмөндөө болгондугун, бул жылы дагы жакшы болорун жана англистердин акырындап кайтарын айтты.

Элчи Мурдун жолугушуусунан улам ыраазычылык билдирген аким Чалык болсо Фетхиеде  жашаган отурукташкан чет элдиктердин көпчүлүгүнүн англистер экендигин билдирди.

Отурукташкан англистердин Фетхиеде тынчтык ичинде жашагандыгын баса белгилеген Чалык : «Фетхиеде бардык чараларды көрдүк. Коомубуз да сезимталдуу. Болуп жаткан кыйынчылыктар аймагыбызга чагылбайт. Баары Фетхиеде тынч эс ала алат»,- деди.

 



Тектеш кабарлар