Эрдогандын элдик добуш берүү тууралуу кайрылуусу
Эрдоган элдик добуш берүүдө добуштарды саноо процедурасынын соңуна чыгышынан кийин Стамбулда сөз сүйлөдү.
Президент Режеп Таййип Эрдоган орто эсеп менен 25 миллион макул добушу чыккан элдик добуш берүүдө улут көрсөткөн жетилгендиктин мактоого арзырлык болгонун жарыялады.
Эрдоган элдик добуш берүүдө добуштарды саноо процедурасынын соңуна чыгышынан кийин Стамбулда сөз сүйлөдү.
Улуттун өз келечегин сактай алганын белгилеген Эрдоган, мунун Түркиянын ар түрдүү кыйынчылык жана кризисти ашып өтө турганчалык күчтө болгонун көрсөткөнүн айтты.
16-апрелдин Түркиянын башкаруу системасы темасында тарыхый чечим чыгарган күн болгонун баса белгилеген президент, конституциянын 18 беренесине түзүтүүлөрдү киргизүү менен түптүү өзгөрүүнүн камсыздала турганын айтты.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, бул сөз сүйлөөдөн мурда жарыялаган жазуу түрүндөгү жарыясында болсо элдик добуш берүүнүн жыйынтыктарынын улутка жана өлкөгө пайдалуу болушун тиледи.
Эрдоган Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси жана премьер-министр Бинали Йылдырым, Улуттук кыймыл партиясынын жетекчиси Девлет Бахчели менен Улуу биримдик партиясынын жетекчиси Мустафа Дестижиге телефон аркылуу байланышып жыйынтыктардан улам ыраазычылыгын билдирип, куттуктап кетти.
Республика тарыхында алгач ирет толугу менен жарандык саясаттын колу менен башкаруу системасынын өзгөргөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Шериктештерибизден баштап калган бардык өлкөлөрдүн, өлкөбүз менен карым-катнаштарын террор менен күрөшүү баш болгон сезимталдыктарыбызга шайкеш түрдө формаландырууларын күтүүдөбүз»,-деп айтты.
Элдик добуш берүүнүн так болбогон жыйынытктарына караганда «макул» добуштары жалпы Түркияда 51,18 пайызга жетти.
Тектеш кабарлар
Түркиянын террор менен күрөшүүсү уланууда
Улуттук коргоо министрлигинин билдирүүсүндө террор менен күрөшүү тууралуу маалымат орун алды.