Европа Түркиянын экономикалык өсүүсүнөн кооптонуп жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, ТРТ экрандарында конок катары күн тартипке сереп салды.

713075
Европа Түркиянын экономикалык өсүүсүнөн кооптонуп жатат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдигинин мүчөлөрүнүн Түркиянын экономикалык күчүнүн алдында кооптонууга туш болгонун айтты.

Эрдоган, ТРТ экрандарында конок катары күн тартипке сереп салды.

Түркиянын экономикалык өсүүсүнүн ЕБ мүчөлөрүнүн орто эсебинен жогору болушу батыш дүйнөсүндө кооптонууну туудурганын белгилеген Эрдоган, экономиканын дагы да өсө турганын, инвестиция жана долбоорлордун  ылдам улана турганын белгилеп кетти.

НАТО шериктеши Германия жана Грециянын террористтердин кайтарылышы темасында принциптүү мамиле көрсөтпөгөнүн да сындаган Эрдоган, француз басма сөзүнүн болсо өз шайлоо өнөктүктөрүндө дагы «Режеп Таййип Эрдоган» ысымына ушунчалык көп орун беришин «оң өнүгүү» деп мүнөздөдү.

Түркиянын ЕБ тарабынан 54 жылдан бери күттүрүлгөнүн баса белгилеген президент Эрдоган, түрк калкынын динамикалык түзүлүшүн байкагандарын, бирок бул калкка визасыз режим сыяктуу акылуу болгон нерсеси да берилбегенин белгилеп кетти.

ЕБ менен 2015-жылы жетишилген «Качкындарды кайтарып алуу» келишиминин алкагында Түркияда жашаган баш калкалоочулар үчүн убада кылынган 6 миллиард евронун болгону 725 миллиондук тилиминин гана төлөнгөнүн баса белгилеген Эрдоган: «Бул кандай кайдыгерлик. Олуттуу жыйналыштарда ырахмат да айтып коюшпайт»,-деди.

Фетуллахчы террор уюмунун АКШда жашаган корбашчысынын экстрадиция кылынышы тууралуу суроого болсо Эрдоган: «Үмүтүмдү үзгүм келбейт. Аларга тынымсыз түрдө бардык министрлерибиз, премьер-министрибиз, өзүм, булардын баарын айтып жатабыз. Америка жаңылыштыгын көрдү деп ойлойм. Ошондуктан эми бул маскарапозду өлкөсүндө баш калкалатып, балээни топтобошу керек. Бирок административдик процесс менен болсо дагы ал кишини дагы деле камабоолору ойлондурбай койбойт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар