Сирия дүйнө жүзүнүн көз алдында жок болуп баратат

Асад режиминин химиялык куралдар менен кол салуусунда жалгыз гана сириялык аял жана балдар эмес биздин адамдык сапатыбыз да жок болууда

712044
Сирия дүйнө жүзүнүн көз алдында жок болуп баратат

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Англияда басылып чыккан «DailySabah» гезитинин 11-апрелдеги санына чыккан макаласы.

Химиялыкпы же эмеспи Сирия жок болууда

Сирия, дүйнө жүзү аны карап турганда жок болуп баратат. Асад режиминин химиялык куралдар менен кол салуусунда жалгыз гана сириялык аял жана балдар эмес биздин адамдык сапатыбыз да жок болууда.

 Мурдагы мелгилдин президенти Барак Обама 2012-жылдын декабрь айында Вашингтондо Улуттук коргоо университетиндеги сөз сүйлөөсүндө мындай деген болчу: «Асад менен анын буйругундагыларга муну так айта кетким келет, дүйнө жүзү сизге жакын байкоо салып жатат». Бул сөз, Асад режими тарабынан химиялык курал колдонулушу ыктымалдуулугуна каршы эскертүү эле. 2013-жылдын 21-августунда кол салуу болду. Дамаскка жакын жердеги Гутаны бутага алган кол салуудан аял жана балдар менен катар кеминде 1500 киши көз жумду. Беш жылдан кийин болсо Асад жакынкы мезгилдеги кандайдыр бир кылмышкерден дагы көп адам өлтүргөн абалда. Асад муну химиялык жана атайын куралдарды колдонуп, дүйнө жүзү карап турганда аткарды.

Хан Шейхунга карай 4-апрелдеги химиялык кол салуу болсо Асад режиминин кыргын салуучу саясаттарынын акыркы уландасы эле. БУУ Сириядагы каза тапкандардын санын тактоону, сандар ырасталбагандыктан токтотту. БУУ эл аралык коомчулук жана дүйнөнүн эң күчтүү улуттары сыяктуу 21-кылымдын эң кандуу согушун токтууда удаама-удаа ийгиликсиздерге туш болду.

Эл аралык "Мунапыс" уюмунун 22-февралдагы отчетуна караганда 2016-жылдын аягынан тарта Сириядагы кагылышуу 300.000ден ашуун адамдын өлүмүнө себепчи болду. Бирок Асад режиминин күчтөрү жана анын буйругундагы согушкерлер тарабынан өлтүрүлгөндөрдүн чыныгы саны андан дагы көп б.а 600.000 миңден ашат. Женева жана Астана процесси да Сириядагы режимдин өз элин химиялык куралдар менен кол салышынан баш тарттыра алган жок. Дүйнө жүзүнүн бул кыргын салууга үн катпашын жана ДЕАШка каршы күрөшүү жүрүп жатканы жөнүндөгү сцерийди кабыл алганын көргөн режим учурдагы мыкаачылык жолун уланта турчудай.

Химиялык куралдарга, баррель бомбаларына жана минометтун окторуна дуушар болуп аман калгандар болсо миллиондогон качкындар жана өз өлкөсүндө жеринен ажыраган адамдарга айланышты. Ушул эле Эл аралык "Мунапыс" уюмунун отчетунда, БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгына караганда 2011-жылдан 2016-жылдын аягына чейинки мезгилде 4,8 миллион адамдын Сириядан качып чыкканы, 2016-жылы эле 200.000 миң кишинин баш калкалоочу абалына айланганы сөз кылынууда жана «БУУнун гуманитардык жардам боюнча координация кеңсесинин көрсөткүчүнө караганда ушул эле алты жылдык мезгилдин ичинде жарымы балдардан турган орто эсеп менен 6,6 миллион адам болсо Сирияда өз жеринен ажырады»,-деп кошумчаланган. 



Тектеш кабарлар