Түрк аба жолдорунан электрондук аппараттар үчүн кошумча чаралар

Учак учкандан кийин аппарат жүргүнчүдөн алынып, атайын пластикалык сактоочу баштыкка салынып ишенимдүү жерде сакталат

710801
Түрк аба жолдорунан электрондук аппараттар үчүн кошумча чаралар

Түрк аба жолдору АКШ жана Англияга каттамдарында мобилдик телефонунан чоң электрондук буюмдардын кабина ичинде колдонулуусуна тыюу салууга жаңыларын кошту. Ушуга караганда учактын каалгалары ачык болгон учурда жүргүнчүдө электрондук аппарат бар болгон болсо аппарат жүк ташуучу бөлмөсүнө алынат. Учак аракетке өткөндө электрондук аппарат аныкталса учак кайра кайтып келип  аппарат учактан түшүрүлөт.

Учак учкандан кийин аппарат жүргүнчүдөн алынып, атайын пластикалык сактоочу баштыкка салынып ишенимдүү жерде сакталат.

Учуу экипажына  жүргүнчү жана электрондук аппарат тууралуу кенен маалымат берилет. Ошол эле учурда дүйнөлүк масштабда 1940 аэропорттун өкүлү Дүйнөлүк аэропорттор кеңеши учактарда электрондук аппараттарга тыюу салууну чукул түрдө аягына чыгарууга чакыруу салды.

Катардын борбор шаары Дохада чогулган Дүйнөлүк аэропорттор кеңеши тарабынан берилген маалыматта кабина багаждарын текшере турган технологиялар жана кошумча коопсуздук чаралар менен маселенин ылдам түрдө чечиле алары баса белгиленди. Маалыматта : «Дүйнөлүк аэропорттор  кеңеши Стамбул Ататүрк аэропорту тарабынан берилген бул тууралуу сунуштардын эмне себептен каралбагандыгын  түшүнө албай жатат. Коопсуздук чараларынын ишке ашышындагы тең салмаксыздык кааланган жыйынтыктардын алынышына тоскоол болушу мүмүкүн жана коркунучту бир гана башка жерлерге бурат»,- деп айтылды.



Тектеш кабарлар