Нигерияда эки түрк жараны качырылды

Эки түрк жараны жекшемби күнү Екет шаарында мейманканадагы бөлмөлөрүнөн качырылды

710445
Нигерияда эки түрк жараны качырылды

Нигериянын түштүгүндөгү нефть аймагы Аква Ибом аймагында эки түрк жараны куралдуу кишилер тарабынан качырылды. Бул тууралуу маалымат берген нигериялык полиция катчысы Чекуу Окчекуу : «Онна жергиликтүү башкаруу аймагында BKS курулуш фирмасы үчүн иштеген эки түрк жараны жекшемби күнү Екет шаарында мейманканадагы бөлмөлөрүнөн качырылды»,- деди.

Полиция жетекчилери качырылган эки түрк жаранынын эркин койо берилиши үчүн иштердин улантылып жаткандыгын жарыялады. Өлкөдө иш алып барган эч бир группа себеби азырынча белгисиз болгон окуянын жоопкерчилигин моюнга алган жок. Качыруу окуялары бат – бат болгон Нигерияда жалпысынан куралдуу группаларга кун төлөө менен качырылган кишилер эркин койо берилет.

Январь айында да Нигерияда бир түрк мугалим Лагостогу бир мектептен эки кызматкер жана беш окуучу менен бирдикте качырылган. Качырылган сегиз киши эки жумадан кийин эркин койо берилген болчу.



Тектеш кабарлар