Тышкы иштер министри Сомалидеги кол салууну айыптады

Араларында жарандар да болгон көп сандаган кишинин каза болушу жана жараланышынан улам терең санааркоо билдирилди

709303
Тышкы иштер министри Сомалидеги кол салууну айыптады

Түркия Сомалинин борбор шаары Могадишодо кечээ коргоо министрлигинин имаратына жакын жерлерде жаңы куралдуу күчтөр командиринин конвоюн бутага алган жан кечтилик кол салууну айыптады.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Могадишодо жогорку деңгээлдеги аскердик жетекчилерди ташыган конвойду бутага алган кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда араларында жарандар да болгон көп сандаган кишинин каза болушу жана жараланышынан улам терең санааркоо билдирилди.

Маалыматта : «Бул террордук кол салууну айыптап, кол салууда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаралууларга шыпаа тилейбиз. Түркия террорисзм менен күрөшүндө Сомалинин жанында орун алууну улантат»,- деп жазылды. Кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда 13 кишинин каза болгондугу, 10 кишинин да жаралангандыгы билдирилген болчу.

Жаңы кызматын өткөрүп алуу үчүн өткөрүлгөн аземден кийин жолго чыккан конвоюу бутага алынган куралдуу күчтөрдүн  командири Мухаммед Ахмед Жемалинин саламаттыгынын жакшы экендиги белгиленген. Террордук уюм Еш  - Шебаб интернет эсебинен берген маалыматта бул кол салуунун жоопкерчилигин моюнга алгандыгын жарыялаган.



Тектеш кабарлар