Түркия Брюсселдеги "Сирия" тема болгон жыйынга катышпайт

«Сириянын жана аймактын келечегинин колдоого алынышы» деген темадагы конференцияга Түркиядан саясий деңгээлде катышуу болбойт

705592
Түркия Брюсселдеги "Сирия" тема болгон жыйынга катышпайт

Брюсселде  бүгүн баштала турган жана эки күнгө созула турган «Сириянын жана аймактын келечегинин колдоого алынышы» деген темадагы конференцияга Түркиядан саясий деңгээлде катышуу болбойт.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Сирияда ок атышпоолордун  түзүлүшүнө жана саясий процесстин жандандырылышына жол башчылык кылган Түркия 2016 Лондон милдеттенме конференциясынын уландысы мүнөзүндө болот. Келишпестиктин саясий жагы да карала турган конференцияга салым кошо турган бир формат жана сыпатта катышууга  канаатандыраарлык жооп алынган жок.  

Бул абал Түркиянын конференцияга катышпоо чечиминде таасирдүү болду. Дүйнөдө эң көп  сириялык качкынга үй ээлик кылган өлкө катары Түркия мындан мурунку донорлор  жыйынында болгондой конференциянын техникалык бөлүгүнө катышуу менен сириялык качкындардын аманчылыгына карата иштерге салымын кошот.



Тектеш кабарлар