Түркиянын Багдат элчиси Ирак өкүлдөр парламентинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Йылдыз Керкүктө расмий имараттарга Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын  илинишинен тынчсыздангандыгын билдиргендигин айтты

703214
Түркиянын Багдат элчиси Ирак өкүлдөр парламентинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Түркиянын Багдаттагы элчиси Фатих Йылдыз Ирактын Керкүк шаарында расмий  имараттарга Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын илинишинен кийин Ирак өкүлдөр парламентинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Элчи Фатих Йылдыз социалдык медиа аркылуу берген маалыматында Ирак Түркмөн Фронту менен бирге керкүктүк араб жана күрт депутаттары менен да сүйлөшкөндүгүн белгиледи. Йылдыз Керкүктө расмий имараттарга Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын  илинишинен тынчсыздангандыгын билдиргендигин айтты. Йылдыз Түркиянын Ирактын ички иштерине сый көрсөткөндүгүн, бирок бул абалга үнсүз кала албай тургандыгын баса белгиледи.

Элчи бул кыймылдын Ирак конституциясына да тескери экендигин белгилеп, Түркиянын маселени жакындан иликтей тургандыгын айтты.

Ошол эле учурда Ирактын вице – президенти Нури ел – Малики Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун байрагынын бир тараптуу бекитүү менен Керкүктөгү коомдук имараттарга илүү чечиминин конституциянын тышына чыгуу болгондугун белгиледи.

Малики берген маалыматында : «Конституция белгилеген негиздер жыйынтыкталбастан Керкүктө Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун желегинин илиниши шаардын  тургундарынын арасында рисктүү жана жайылууга ылайык кагылышууга себеп болот»,- деди.

Малики Керкүктөгү жергиликтүү өкмөт, парламент, президенттик жана премьер – министрликке Керкүк тууралуу конституциялык  процессти толуктоо, чек араны сызуу, шаардын статусу тууралуу мыйзамды чыгаруу жана жалпы элдик катоого чакырды.

 

 

 



Тектеш кабарлар